07/12/2022
Салттуу белдемчини кантип заманбап жашоодо кийсем болот деп таң калган айымдарга биздин негиздөөчүбүз Турсалиева Бермет айымдан кеңеш:
"Мен үчүн эң ыңгайлуу кийим - бул белдемчи. Ишиме байланыштуу мен көп саякаттаймын. Өлкө ичинде, жана өлкөдөн сырткары дагы. Өлкө ичинде алыс жолго чыкканда белимден белдемчи түшпөйт. Анткени жол ар кандай: ысык, суук, үшүйсүң, тердейсин, шамалдайсын. Аял болгондон кийин белди жылуу жана бекем кармоо керек экен. Айылдарды көп аралап, эл менен иштегениме байланыштуу белдемчимди чыкыйтып кийип аласын, анткени ичинде джинсы шым, сыртында юбка десең юбка, кенен десең кенен, кыймыл аракетин чектелбейт, ар кандай шартка абдан туура келген кийим.
Үйдөн жумуш кылсам да, белдемчимди ичин сыртка оодарып кийип аламын, ашканада тамак аш даярдап, кийимдерин булганбайт, өзү дагы таза бойдон калат оодарып кийсен.
Ар бир аялда белдемчи болушу керек. Ошол себептен ал белдемчини өзүңүздүн размеринизге ылайык, табитинизге жана каалоолорго жараша тигип, саймаларын түшүрөсүз.
Чет жакка чыкканда, мени көргөндөр сурай берет, сиз Перудан келдиңизби? Индеец уруусунан болосузбу? дешип. Белдемчи, чач учтук, чыптама кийип алып жүрсөң алам жаныңдан жөн өтпөйт. Жылмайып учурашып сүрөткө түшсөк болобу сиз менен деп соо бастырышпайт. Ар бирине айтып бересиң, Кыргызстан кандай өлкө, анан кийген кийимдерим тууралуу.
Урматтуу айымдар, биздин студияга келип, жан дүйнөңүздү байытып, кыргыздын жомоктогудай болгон салттуу билимине чөмүлүп, өзүңүзгө белдемчи, кыргыз көйнөк, туш кийиз даярдап алсаңыз болот. Биз студияны сиздер үчүн, силерге кызмат кылсын деп ачып иштетип келе жатабыз."
Курстарга жазылуу, маалымат алуу эң эле оңой. 0700 030662 вотсап номерине жазсаңыз маалыматтын баарын жиберели.
Рахмат! 😊