29/10/2025
Кечки салам!
Мен Маметова Айдай,Айка чизкейк атым менен таанымал болгон чизкейктердин ханышасы десем жаңылышпаймын.
5 жылдан бери чизкейктин түрлөрүн жана акыркы учурдагы хит болгон Сан Себастьян тортун автордук рецепт жана жан дүйнөм менен берилип мээрим төгүп жасап келемин.
Бирок көп нерсени жашырып уялып жүрүп билинбей жылдар ,айлар өтүп кетиптир.
Жакында Бишкек шаарында жашаган сиңдим Айка эже Кымбат эженин курсуна катышсаңыз сонун сабактары бар деп сунуштап калды,анан айымдын ФУД КОНТЕНТ курсуна катталдым,өкүнбөймүн башталышы эле сонун энергия менен инсайттарды алып,суроолорума жооп ала алдым.